Жаңылыктар / 10.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1088

Партиялар боюнча соттун чечимдери аткарылды, бирок БШК мүчөлөрүнүн пикири өзгөргөн жок. Эки партияга утулуп калган Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине сын-пикирлер күчөдү.

Шайлоого аттанган талапкерлердин 10 пайызын соттолгондор түзөт. Айрым партияларда сот жообуна тартылгандардын саны отуздан ашат.

Пандемия маалында бейтаптарды ооруканага жеткирүүгө жардам берген ыктыярчыларга айып кагаздар келе баштады. Алар штрафты кечип салууну суранышууда.

Илдет басаңдаганда дарыгерлер унутулдубу? Контейнерде баш калкалаган 4 балалуу дарыгерге дагы деле жардам бериле элек.