Жаңылыктар / 10.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

900

Аялдардын шайлануу укугун коргоп бере албай койгон Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамы толук таратылган соң, кийинкисинде квотаны сактоо кандай болот деген суроолор көбөйдү. Парламенттен аялдарга канча орун берилет?

Бажы төлөмдөрү өсүп кеткенин айткан Дордойдун соодагерлери кайрадан наарызылык акциясына чыгышты. Ал арада контрабандалык жол менен аталган базарга товар ташыган бажычылар кармалды.

Тоок кыгынын жагымсыз жытына ууланган айыл тургундары митинг уюштурушту. Ферманын жетекчиси болсо кык дыйкандардын суранычы менен жерди семиртүү үчүн төгүлгөнүн айтып актанууда.

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Маршруттук таксилер 15 сом болсо, троллейбус 11 сом деп сунушталып, муну тиешелүү жетекчилер колдоого алышууда.