Жаңылыктар / 10.10.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

476

Бишкекте бала бакчада өрт чыкты. Жалын каптаган имараттын ичинен бөбөктөр эвакуацияланды.

Милициянын майорунун колунан ок жеген жабырлануучу арыз жазуудан баш тарттыбы? Жол талашкан тартип сакчы айдоочуга травматикалык тапанчадан ок чыгарды.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүүлөр көбөйүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранованын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылды.

Жаңы жылдан тарта унаанын бажы төлөмүнүн кескин көбөйүшүнө каршы кандай чара көрүлөт? Жумушчу топ жеңилдетилген мөөнөттү дагы 3 жылга узартууну сунуштаганы жатат.