Жаңылыктар / 10.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1041

Шайлоонун үгүт иштерине аралашкан жетекчилерди жазалоо уланууда. Ош МУнун ректору баш болуп, дагы 4 окутуучу кызматтарынан кол жууса, мэр менен министрге сөгүш берилди. Эми кезек кимде?

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майга таңсыктык башталды. Айрым аймактарда бензиндин баасы 85 сомго чыгып, дизель саткан бир топ май куюучу жайлар жабылууда. Депутаттар министрлирге тез арада чара көрүү зарылдыгын билдиришти.

Кир жуучу машина иштеткенде, чай кайнатпай тур. Жарыкты үнөмдөө максатында “Түндүк электр” ишканасы «акылдуу эсептегич» коюлган керектөөчүлөргө чектөө киргизди. Эми керектөөчүлөр 5 киловаттан 10 киловатка чейин электр жарыгын эсептеп колдонуусу зарыл.

Үй-бүлөлүк зомбулук былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга көбөйүп кетти. Ал арада коомдук жайда аялын катуу ур-токмокко алган кишиге «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши ачылганына коомчулук нааразы. Беренени катуулатуу талабы коюлууда.