Жаңылыктар / 10.12.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1027

Эми бет капты вирустан коргонуу үчүн гана эмес, аксессуар катары дагы колдонсо болот. Улуттук колоритте тигилип, оймо-чиймелери түшүрүлгөн маскалар Бишкектеги мода үйлөрүнүн биринде даярдалып, сатыкка чыгууда. Эми каалочулар ал жактан өзүнө жаккан оймо-чиймеси менен тигилген бул каражаттарды ала алышат.

Мода үйүнүн негиздөөчүлөрүнө бул идея жазгы карантин маалында келген. Бет каптар таза пахтадан тигилип, аны бир нече жолу колдонууга болот. Ал эми оймо-чиймелери болсо башкалардан өзгөчөлөнтүп, саркеч көрсөтөт, дейт дизайнерлер.