Жаңылыктар / 10.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1524

Жанчылып калган унаа. Бишкекте 3 машина кагышып, бир киши каза тапты. Экөө оор абалда ооруканага жеткирилди.

Финансы пирамидасынын курмандыктары көбөйүүдө. Бишкекте 5 миңдей кишини акчага алдап кеткен аял кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кандай гана чара көрүлбөсүн Кыргызстанга коронавирустун Омикрон штаммы жетет деп билдирди. Буга медиктер даярбы?

Койлорго паспорт берүү башталды. Кыргызстанда эт, май багытында аргындаштырылган койдун Арашан породасы идентификациядан өтүүдө. Бир чиптин баасы 270 сом.