Жаңылыктар / 11.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

483

Криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү ишкерлерди опузалап жатышат! Жогорку Кеңештин депутаттары Ички иштер министрлигин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө чакырды.

Сапатсыз тамак-аштын айынан бала-бакчада чыр чыкты. Ата-энелер менен мекеме жетекчисинин тирешин үчүнчү тарап иликтөөдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишеним телефону жана Ватсап кызматы иштей баштады. Жол кырсыгына же мыйзам бузууларга күбө болуп калсаңыз, дароо билдириңиз!

Ошто эттин баасы эмнеге кымбаттап жатат. Шаар жетекчилиги муну аныкташ үчүн атайын эксперимент жасоону сунуштап жатат.