Жаңылыктар / 11.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1272

Казакстандагы башамаландык учурунда каза болгон экинчи кыргызстандык жарандын өздүгү такталды. Бахтияр Базарбаев кандай жагдайда мерт кеткени айтыла элек.

Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык алып келинди. Ал эми камакта жаткан 4 жердешибиз бүгүн бошотулары айтылды.

Боордошторун талаада таштабагандар. Чет мамлекеттен кайтып, бирок өз өлкөсүндө аэропорттор иштебей калган казакстандык жарандарга кыргызстандык авто-ыктыярчылар жардамдашууда.

Жүздөгөн өмүрлөрдү алган “кара июль”. Улуттук тарых музейинде коронавирустан каза болгондорго жана өлүм менен күрөшкөн баатырларга арналган көргөзмө өттү.