Жаңылыктар / 11.02.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1892

Кыргызстандык өндүрүшчүлөр Казакстандын чек арасында текшерүү суткаларга созулуп жатканына нааразы. Ак-Тилек — Кара-Суу өткөрмө бекетинде кайрадан оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралды.

Мыйзамсыз баюу беренеси боюнча кылмыш иши кыскартылган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алиярбек Абжалиев эми алдамчылыкка шектелүүдө. Мурдагы эл өкүлү 9-апрелге чейин камакка алынды.

Кызматка келгенине 170 күнгө чукулдаган Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин ишине ичи чыкпагандар көбөйдү. Жарандык активисттер шаар жетекчисинин отставкасын талап кылышууда.

Депутаттар оң рулдуу унааларды өлкөгө алып кирүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун даярдоодо. Жол тескөөчүлөр авариялардын көпчүлүгү алардын айынан болорун айтып, бул демилгеге каршы чыгышууда.