Жаңылыктар​ / 11.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1151

Кызматка киришкенден кийинки үчүнчү өлкөгө визит. Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары башталды.

Дыйкандардын көбүнүн жазгы айдап-себүү иштери үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Буга күйүүчү майдын тартыштыгы жана кымбаттыгы себеп болууда. Учурда кампаларда жалпы керектөөнүн 59 пайызын жаба турган гана солярка бар.

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев аскер кызматкерлерине батирлерди бөлүштүрүүдө күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып салынды. Эми анын мекемени башкарып отурганга укугу барбы деген суроо коюлууда.

Байыркы жашоону элестеткен миниатюралар жана 10 жылдап чогултулган баалуу экспонаттар. Бишкекте өзгөчө музей эшигин ачты.