Жаңылыктар / 11.03.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

706

Россия буудай, кумшекер экспорттоого тыюу салды. Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы жаралбайбы?

Улуттук банк коммерциялык банктарга доллар менен кредит алгандардын төлөө мөөнөтүн жылдырууну сунуштады. Ишкерлер болсо АКШ акчасынын кымбатташынан улам, өндүрүш токтоп калат деп кооптонуп, өкмөттөн жардам күтүүдө.

Бишкек шаарындагы №47 колониянын имараты бузулат. Ал жакта жаза өтөп жаткандар 3 абакка бөлүштүрүлөт. Түрмөнүн ордуна жаңы шаарча пайда болобу?

Кочкор районунда Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин эстелиги тургузулду. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.