Жаңылыктар / 11.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

662

Тогуз-Тородо абал курчуду. Жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерин таш баранга алып, алтын чайкаган комбинатты өрттөп салышты.

Жогорку Кеңеш Индира Жолдубаеваны кызматтан алды. Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу парламент президенттин сунуштамасы менен башкы прокурорду жумуштан кетирди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун чет өлкөгө визити уланууда. Түркияга болгон расмий сапар жыйынтыкталып, бүгүн мамлекет жетекчиси Бельгияга барды.

Унаасын арзан каттатам деп узак кезек күткөндөр. Машиналарды жеңилдетилген баада кайра каттоо кампаниясын ишке ашырууга адистер жетишпей жатат.