Жаңылыктар / 11.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1738

Ушул жумадан тарта Казакстан дан жана ун ташып чыгарууга чектөө киргизди. Ал арада бул Кыргызстандын рыногуна канчалык таасирин тийгизет деген суроо курч турууда. Россиядан да 18 миң тонна буудай өз убагында жетпей жатат.

Чала иштелген портал, чыдамы кетип чыркыраган ата-энелер. Балдарды бакчага жана мектепке онлайн-каттоо башталып, бирок тиешелүү портал байма-бай үзгүлтүккө учуроодо.

Аялдардын пенсияга чыгуу курагын эки жылга узартып, аскер кызматкерлерине же айлык акысын же пенсиясын гана төлөө зарыл. Соцфонд пенсиялык системаны реформалоодо бир нече сунуштарды келтирүүдө.

Казакстан өз жарандары жана чет элдиктер үчүн чек араларына коюлган бардык чектөөлөрдү алды. Бирок автобус менен жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат бериле элек.