Жаңылыктар / 11.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1372

Максим Бакиев уурдап кеткен 200 миллион доллар Кыргызстанга кантип качан кайтарылат? Кечээ кармалып, кайра үй камагына чыгарылган Алексей Ширшовду президент Садыр Жапаров эмне үчүн кабыл алган? Өлкө башчы айрым жагдайларды ачыктады.

Катуу жааган жаандын кесепетинен өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүп, келтирилген чыгым 90 миллион сомго чукулдады. Өкмөт жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга кредит же ссуда берүү маселесин карап жатат.

Чүйдө эки адамдын өлүмү боюнча резонанстуу кылмыштын бети ачылды. 9 жыл мурда киши колдуу болгон жарандардын сөөгү Ысык-Ата районунда табылды.

Акыркы күндөрү тамак-ашка жапырт уулангандар көбөйүүдө. Бишкек шаарындагы санитардык дарыгерлер рейд жүргүзүп мөөнөтү өтүп кеткенине 2 жылдан ашкан азыктар сатылып жатканына күбө болушту.