Жаңылыктар / 11.06.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1068

Селдин кесепетинен Лейлекте 7 үй-бүлө үй-жайсыз калды. Райондо жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери улантылып, зыяндын көлөмү эсептелүүдө.

Шанкай Кызматташтык уюмунун кийинки саммитине Кыргызстан төрагалык кылат. Кытайдын Циндао шаарындагы жолугушуунун жыйынтыгында 17 документке кол коюлду.

Финансылык мыйзам бузуу боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги — биринчи орунда. Эсептөө палатасынын төрагасы — парламенттеги тармактык комитетке отчет берди.

Бүгүн Кадыр түн. Дин аалымдарынын айтымында, Курандын алгачкы «Фатиха» сүрөөсү Орозо айынын дал ушул 27-түнүндө түшкөн.