Жаңылыктар / 11.06.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

463

Тилинен тапкан аткаминерлер. Журналистти келекелеген Туйгунаалы Абдраимов отставкага айдалып, Чүй областына жаңы жетекчи болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды.

Ысык-Көлдө талаптарга жооп бербеген 15 пансионат жабылды. Тиешелүү нормаларды сактабаган эс алуу жайларына 9 миллион сомго жакын айып салынды.

Майып адамдар үчүн шарттар каралбаган коомдук транспорт үчүн Бишкек мэриясынын бир катар кызматкери жазаланды. 60 автобус мыйзам бузуу менен сатып алынганы белгилүү болду.

«Уламышка айланган студент». Араван районунун тургуну Маматмуса Кулматов, быйыл 82 жашында медициналык колледжди аяктап жатат.