Жаңылыктар / 11.09.17 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

648

Кара-Суу шаарында шайлоо учурунда болгон терс көрүнүштөр иликтенип, мыйзам чегинде чара көрүлсүн. Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинде ушундай тапшырма берилди.

«Кош стандарттуулук» болуп жатабы? Кара-Суудагы жергиликтүү шайлоодогу одоно көрүнүштөргө Боршайкомдун айрым мүчөлөрү көз жумуп жатканы айтылууда.

12 жашар кызга сексуалдык зомбулук көрсөттү, деп шектелген дарыгерге карата кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Тергөө уланууда.

Өткөн 2 күн аралыгында эле жол кырсыктарынан каза тапкандардын саны 10го жетти. Бир нече адам жаракат алды.