Жаңылыктар / 11.09.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

346

Өлкө Акыйкатчысы бул аптада дагы шайланбай турган болуп калды. Ал арада Омбудсменди шайлоо боюнча бардык мыйзамдык ченемдер бузулганы айтылууда.

11 кызматкер, 7 миллион сом менен туризм тармагын өнүктүрүү кыйын. Андыктан өз алдынча Туризм агенттигин түзүү сунушталууда.

Өткөн аптада баласы менен бийиктен бой таштаган аялга кылмыш иши козголду. Ал «адам өлтүрүүгө аракет жасаган» деп айыпталууда.

Саламаттыкты сактоо тармагы кайрадан реформага кабылды. Бейтапканалардын санын кыскартуу сунушталып, ал айрым нааразычылыктар менен коштолууда.