Жаңылыктар / 11.09.20 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1247

Акыркы убакта аткаминерлердин уулдары кылмышка шектелип кармалган учурлар көбөйдү. Бул жолу Баткен областынын губернаторунун баласы алдамчылыкка айыпталып, колго түштү.

Үгүт иштери коркутуп-үркүтүүлөр менен коштолууда. Жалал-Абадда партиянын үгүтчүсүнө кысым көрсөткөн 2 жаранга кылмыш иши козголуп, Аскер прокуратурасы иликтей баштады.

Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу 70 пайызга аяктады. Имарат ушул айдын аягында ишке берилет деп убадаланууда.

Онлайн окуунун ордуна акча табуу менен алектенген жеткинчектерди аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. 3 күндүн ичинде 46 бала табылып, үчөө балдар үйүнө өткөрүлдү.