Жаңылыктар / 11.10.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

533

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте бошотулушу боюнча айыпталгандардын үчөө сотко келди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жараянга катышуудан баш тартты.

Бишкекте 12 жашар кызды зордуктаган адам кармалды. Окуя болгон күнү зөөкүр жабырлануучунун апасы менен арак ичип отурганы айтылууда.

Сооронбай Жээнбеков КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезектеги саммитине катышты. Анын алкагында мамлекет башчы Түркмөнстан жана Тажикистан президенттери менен жолукту.

Жаңы жылуулук борбору ишке кирсе миң түтүн үйсүз калабы? Өкмөттүн ниети Ак-Ордолуктардын уйкусун бузду.