Жаңылыктар / 11.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

863

Министрлер кабинетинин курамы алмашат. Төрагалыкка экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров келери айтылса, Камчыбек Ташиев вице-премьер-министр болушу мүмкүн экен.

Жогорку Кеңешке депутат болууну каалагандардын саны боюнча Жети-Өгүз округу алдыда келе жатат. Өлкө боюнча бир мандаттуу шайлоо округунан аттангандар 200гө чукулдады. Партиялар болсо тизмелерин жарыялай башташты.

Кыргызстанда экстремисттик топтор баш көтөрө баштадыбы? УКМК Баткенде Хизб ут-Тахрирдин 6 лидерин колго түшүрдү.

Бишкекте тез жардам унаасынын кызматкерине кол салган жаран кармала элек. Ур-токмоктон мээси чайкалган айдоочу ооруканада жатат.