Жаңылыктар / 11.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1475

Көмүрдүн тоннасы дагы 2 миң сомго чейин кымбаттап, эл кара отунга жетпей жатат. Мамлекет бекитип берген нарк көзөмөлдөнгөн жок. Тиешелүү мекемелер кырдаалды жөнгө салуунун ордуна бири бирин күнөөлөө менен алек.

Электр жарыгы жок, иш да жок. Чакан ишкананын кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Буга кошумча Бишкекте эле айрым тигүү цехтери ишин токтоткону белгилүү болду.

Талапкер тарабынан коркутуп-үркүтүүгө кабылган БШКнын мүчөсү ким экени ачыкталды. Белгилүү болгондой, алар жарашышты. УКМК төрагасы болсо кандидаттар арасында шайлоого 2-3 күн калганда добуш сатып алууга камынгандар тууралуу маалымат бар экенин ачыктады.

Аламүдүн райондук милициясы 19 жаштагы кызды башка тепкен адамды калкалап жатабы? Жабырлануучунун туугандары фотограф кызды ур-токмокко алган адам айып менен эле кутулганын айтып, коомчулуктан жардам сурап кайрылууда.