Жаңылыктар / 12.01.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

573

Коррупциялашкан мекемелердин сап башында Бажы кызматы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги турат. Мындай маалымат парламентте айтылды.

Ичип алып машина башкаргандарга айып пулдун көлөмүн 100 миң сомго чыгаруу зарыл. Айрым депутаттар жол кырсыктарын алдын алуу үчүн ушундай сунуш киргизишүүдө.

Кыргызстанда Манас тууралуу фильм тартууга убакыт келип жеттиби? Бул суроо кино ишмерлер чөйрөсүндө кызуу талкууну жаратууда.

Таласта «Чыңгыз-Ордо» аталышындагы тарыхый-маданий, ден-соолук чындоо мемориалдык комплекси пайда болот. Бул үчүн 15 гектар жер бөлүндү.