Жаңылыктар / 12.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

931

Пандемияда иштеген аткаминерлердин көпчүлүгү камалат. Финполициянын жетекчиси журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал арада мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов суракка чакырылды.

Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку соттун дагы бир судьясы боюнча Тартип комиссиясына сунуштама түшө элек. Ал эми Жогорку инстанциянын төрайымы Гүлбара Калиева боюнча аталган комиссиянын отуруму улам кийинкиге жылдырылууда. Себеп эмнеде?

Бишкекти ыштан арылтуу үчүн пайдаланылбай турган 2 — Жылуулук электр борбору ишке кириши мүмкүнбү? Газ жана мазут менен иштей турган обьектти убагында иштетүү аракеттеринен эмнеге майнап чыкпай калган?

Залкарларды эскерүү. Кыргыз кинемотографиясына зор салым кошкон Болот Шамшиев менен таланттуу обончу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Таланттардын көзү тирүү болгондо 80 жашка чыгышмак.