Жаңылыктар / 12.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1479

Эки жума мурда ишке киришкен Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы араң түзүмүн бекитти. Мурда төраганын 2 орун басары болсо, эми алардын саны 3.

Чүйдөгү Ак-Тилек өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болду. УКМКнын чек ара кызматы кыргыз тараптан эч кандай чектөөлөр жок дейт.

Кыргызстанда омикрон штаммы пайда болду. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын жарыялады.

Лифтте кыйылган өмүр. Бишкектеги Улан-1 кичи районундагы 38 жаштагы жарандын өлүмү эмнеден улам болгонун тактоо үчүн экспертиза дайындалды.