Жаңылыктар / 12.02.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

416

Энеси эс учун жоголгончо сабаган наристе комадан чыкпай чарчап калды. Туугандары баланын сөөгүн алуудан баш тартты. Аялдын айыбы күчөтүлүп, адам өлтүрүү боюнча күнөө тагылды.

Эки жылдан кийин Токтогул ГЭСин модернизациялоонун экинчи этабы башталат. Энергетиктер долбоордон 100 млн доллар үнөмдөп калууну көздөп жатат.

Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн акчага кол салгандардын артында жогорку кызматтагылар турабы? Парламенттин бөлүм башчысы 2 миллион сомду кымырып алган деп айыпталып, эки айга камалды.