Жаңылыктар​ / 12.02.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1144

Өткөн парламенттик шайлоодо муфтияттын эсебинен кайсы саясий партия каржыланган? Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мыйзамсыз акча чогулткан уюмдарга карата чара көрүүнү суранышууда.

Бир мугалимдин жылдык маянасы же белгилүү бир брендден көйнөктүн баасы. Соцтармакта 260 миң сомго эмне келет деген суроо кызуу талкууда. Райым Матраимовго кечээ дал ушундай суммадагы айып салынган.

Үч айдан бери дайынын таптырбай жүргөн Дженго каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов 2 айга камакка алынды. Ал коркутуу жолу менен жер басып алган деп шектелүүдө.

Көркөм тасмаларда укмуштуудай трюктарды көрсөткөн тоо жүрөк кыргызстандык жигиттер. Атамекендик каскадерлор Оскарга тете болгон «Таурус» сыйлыгын жеңип алышты.