Жаңылыктар / 12.03.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

594

Эки жыл ичинде жабылган жана токтотулган кылмыш иштерине талдоо жүргүзүлдү. Укук-коргоо органдарында иштегендердин байлыгы текшериле баштады. Президент коопсуздук кеңешинин катчысын дайындап, коррупцияга каршы күрөштү дагы күчөтүүнү тапшырды.
Бишкек ТЭЦи боюнча жаңы жагдайлар. Борбордун мурдагы директору катуу билдирүү жасап, башкы энергетиктерди айыптап чыкты.
Жай тургундарга кол салууга аралашкан милиция кызматкери кармалбайбы? Кара-Балтада он күн мурда болгон окуя боюнча дагы деле жыйынтык жок. Тартип сакчылары ишти жашырып жатабы?
Дүйнө элин таң калтырган өзгөчө иш чара. Кыргызстанда бир жарым тонна беш бармак менен 117 метрлик чучук даярдалып, рекорд коюлду.