Жаңылыктар​ / 12.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1159

900 миллион долларлык «Жол картасына» кирген долбоорлор, Инвестициялык фонд түзүү келишими жана кол коюлган 22 документ. Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды.

Шаардык кеңешке депутат болуу үчүн канча каражат керек? Бүгүнтөн тарта 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке талапкерлердин үгүт иштери башталды.

Улам чекесинен таланып-тонолуп, тамтыгы чыккан “Ысык-Көл” мейманканасы бир апта мурда тарыхый обьектердин катарынан чыгарылган. Эми имараттын тагдыры кандай болот?

Бишкекте кайрадан массалык түрдө бак-дарактарды кыюу иштери башталабы? 70 чакырым жолго асфальт төшөлүп, кеңейтилгени жатат. Бирок бул кабарды шаардыктар кооптонуу менен кабыл алышууда.