Жаңылыктар / 12.04.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

625

Бут тосууларга карабай Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу болот. Бишкек, Талас, Каракол шаарларынын жетекчилиги чогулуш өткөрүүгө каршы чыгышты.

Кысым көрсөтүүнүн дагы бир жолубу? Өмүрбек Бабанов келээрин жарыялагандан кийин, жээни суракка чакырылды.

Жеңиш Разаков Тажикстандын тыңчысы деген маалыматты таркаткан адам өкмөттүн өкүлү болуп чыкты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, ал аткаминердин атын атады.

Кант шаарында өспүрүмдү уурдагандар ата-энесинен 3 миллион сом талап кылууну көздөшкөн. 12 жаштагы Данил Браилкиндин ата-энеси, уулу кандай кордук көргөнүн айтып берди.