Жаңылыктар​ / 12.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

868

Алдын-ала жыйынтык боюнча референдум өттү, көпчүлүк жаңы конституцияны колдоду. Эми Кыргызстан жаңы баш мыйзам боюнча жашай башташы үчүн канча убакыт кетет, кандай иштер жасалышы керек?

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо кайрадан дайындалсын! Саясий өноктүктүн жыйынтыгын тааныбаган бир катар партиялар митингге чыгышты. Ал эми уткан партиялар өз ара мандаттарды бөлүштүрүүгө киришти.

Бишкектин кийинки мэри ким болот? Коалиция канча партиядан курулат? 3 экс-мэрдин партиялары саясий сүйлөшүүлөрдү башташты.

Жайкы туристтик маалда чет өлкөлүк эс алуучулар үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгууда. Өз мамлекетинде вакцина алгандардан ПЧР-тест талап кылынбайт.