Жаңылыктар / 12.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1782

Кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарга кошумча күчтөрдү тартпоо макулдашылды. Баткен жана Согди областтарынын жетекчилери жолугушуп, анын алкагында жалпы коомдук тартипти сактоо боюнча күч түзүмдөрүнүн биргеликте кызмат өтөө чечими кабыл алынды.

Соцфонддун кызматкерлери дем алыш күндөрү эс алып жатканда аскерлер тоо-ташта, катаал шартта кызмат өтөөдө. Коргоо министрлиги иштеп жаткан офицерлердин пенсиясын жоюу демилгесине караманча каршы чыгышты.

Мыйзамсыз курулуштар түшкөн жерлер бир жумадан соң трансформациялана баштайт. Айыл-чарба жеринен турак-жай курууга мүмкүн болгон тилкелердин жалпы аянты 30 миң гектардан ашык.

Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунда балдарын 1-класска жана бала бакчага киргизгени жаткан ата-энелер мындан ары кезексиз тейленет. Порталдагы мүчүлүштүктөр улам чыккан сайын жөнгө салынып жатканы белгиленди.