Жаңылыктар / 12.05.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1375

Дача-СУдагы каргашаны иликтеген коомдук комиссия өз ишин баштады. Анын курамынан авиакырсык катталган кезде өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган Кубатбек Боронов чыгарылышы керек деген сунуштар айтылды.

Кыргызстанда марихуананы мыйзамдаштыруу демилгеси кайрадан күн тартибине чыкты. Депутат Дастан Бекешев баңгизаттын жеңил түрүн чет элдиктерге паспорт менен сатыш керек десе, Арсланбек Малиев апийим өстүрүүнү колдоодо.

Мамлекеттик сыр менен иштеп, бирок кош жарандуулугун жашырып жүргөн аткаминер аныкталды. Президенттин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Алихан Ураимовду кызматтан бошотуу боюнча губернаторго билдирүү жөнөтүлдү.

Жалал-Абад эли жаратылыш кырсыгынан зыян тартып жатканда экинчи жагынан буудай, беделерди чегиртке, кышкы үкүчө курту каптап, дыйкандардын айласын кетирүүдө.