Жаңылыктар / 12.06.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

415

Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда бир нече документке кол коюлду.

Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Аны 40тан ашык эл өкүлү колдоду.

Бай-манаптык адатпы же байкабай калдыбы? Жаңы эле энергетиктердин жетекчиси болгон Айтмамат Назаров коомчулуктун сынына кабылды. Буга баягы эле кол чатыр себеп болду.

Кытайдын Борбордук опера театрынын артисттери даярдаган «Манас» операсы Кыргызстандан кийин дүйнөлүк турнеге чыгат.