Жаңылыктар / 12.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

967

Улукбек Марипов жетектеген министрлер кабинети отставкага кетти. Президент аткаруу бийлигинин жаңы структурасын жана курамын сунуштады. Буга чейин айтылгандай эле Акылбек Жапаров кызматынан көтөрүлдү.

Көмүрдүн баасын эми мамлекет аныктайт. Бирок Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кара отундун наркын азырынча беките элек.

Чоң муштум айдоочулар. Иш учурунда жакалашкан айдоочуларга катуу сөгүш берилди. Мэрия жүргүнчүлөрдү коомдук унаа башкаргандарды тартипке келтирүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Кыргызстандыктардын айрым бир өлкөлөргө баруусуна тоскоолдуктар жаралабы? Кээ бир мамлекеттер Синофарм менен Спутник-V вакцинасын алгандарды өз аймагына киргизүүдөн баш тартууда.