Жаңылыктар / 12.11.18 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

431

Президент өнүгүүгө багытталган жаштардын демилгелерин ар тараптуу колдоого чакырды. Жаштар конгрессинде мамлекет башчысы бир нече долбоорго жогору баа берди.

Чындыгында бай, бирок өздөрүнө мүлктү каттабаган депутаттар кимдер? Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн дээрлик жарымынын расмий түрдө өзүнүн турак-жайы жок.

Көзү тирүү адамга эстелик тургузуу туурабы? Таласта «Апрель» баатыры Алиясбек Алымкуловдун бюсту орнотулганы — бул маселе мыйзамдарда каралбаганын эске салды.

Кыздын калыңы 100 миң сомдон ашпасын! Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөтүндө ысырапколчулукту тыйуу максатында аш-тойлордогу чыгымдарга чектөө киргизилди.