Жаңылыктар / 12.11.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1208

Өлкө аймактарын көмүр менен камсыз кыла албай жаткан аткаминерлерге 2 апталык убакыт берилди. Талап аткарылбаса тиешелүү чаралар көрүлөт. Кайсы чиновниктер ишинде шалаакылык кетирип жатат?

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүргүзүүгө каршы күрөшүү кызматында илинген Жаныш Бакиевдин портрети алынып, мекеме коомчулуктан кечирим сурады. Ал арада Апрель окуясында набыт болгондордун туугандары бул үчүн тиешелүү жетекчилер жоопкерчиликке тартылуусун талап кылышууда.

Жашоого эң керектүү болгон дары дармектердин баасы түрүнө жараша 68 пайыздан, 10 пайызга чейин арзандады. Өзгөчө онкологиялык оорулар үчүн препараттардын нарк айырмачылыгы 160 миңди түзүүдө.

Абактан качууга аракет кылган кылмышкерлер жана алардын жолун бууган атайын даярдыктагы аскерлер. Чүй областындагы Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү мекемесинде кезектеги машыгуу болду.