Жаңылыктар / 12.12.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1797

Кой-Таш окуясында «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин жана анын жансакчыларынын огунан каза тапкан. Мамлекеттик комиссиянын тыянагы Жогорку Кеңеште талкууланды.

Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөшү. Президент Сооронбай Жээнбеков араб инвесторлорун өлкөгө чакырды.

Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек! Бишкекте дал ушундай аталыштагы акция өттү. Катышуучулар бийликти шаарды каптаган кара түтүн көйгөйүнө көңүл бурууга чакырууда.

Калеми менен дүйнөнү багындырып, өзүнө түбөлүк эстелик тургузган инсан. 12-декабрь – Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу Чыңгыз Айматовдун туулган күнү.