Жаңылыктар / 13.01.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30

929

Кара-Кулжа районунда эки милиционерге ок чыгаргандар кимдер? Учурда райондогу тиешелүү айылдарга посттор коюлуп, тартип сакчылары шектүүлөрдү түп көтөрүлө издеп жатышат.

«Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” деп ар кайсы жерлерге барып, опузалап, пара талап кылгандар катуу жазаланат. Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү таратты. Буга чейин мындай ишке эки жарандык активист барганы белгилүү болгон.

Борбор калаадагы кичи бустардын айдоочулары «жол кире көтөрүлбөсө иш таштайбыз» деп коркутууга өтүштү. Алар жол акысы 15 сомдон 20 сомго чейин болууга тийиш дешүүдө. Буга шаардыктар эмне дейт?

Сүрөттө калган сезимдер! Пандемия маалында жан үрөп иштеген медиктер менен ыктыярчылар сүрөтчүнүн көзү менен. Таалайбек Усубалиевдин 10 эмгеги эс алуу багындагы көргөзмө залына коюлду.