Жаңылыктар / 13.01.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1546

Казакстанга жардамга барган ЖККУнун аскерлери чыгарыла баштады. Кыргызстандын “Скорпион” атайын багыттагы аскер түзүмүнүн 150 жоокери эртең мекенине кайтып келишет.

Таласта ун тартыштыгын жоюу үчүн Бишкектен, Чүйдөн жана Жалал-Абаддан ун ташылууда. Тегирменчилер ассоциациясы бул азыктын баасы жакынкы күндөрү көтөрүлбөйт деп ишендирүүдө.

Эл өкүлдөрү эки күндөн бери кызмат бөлүштүрүп бүтө албай жатышат. Бүгүн түштөн кийин чогулган депутаттар комитеттин төрага орун басарларын шайлоого киришти.

Түркиялыктарды Кыргызстандын кышкы туризмине кызыктыруу аракети. Анкаранын көчөлөрүндө лыжа базаларын жарнамалаган тасмалар көрсөтүлүүдө. Быйыл кардын аз жаашы эс алуу жайларында түйшүктү көбөйттү.