Жаңылыктар / 13.02.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

549

Президент коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тездетүүнү тапшырды. Сооронбай Жээнбеков кыскартылган кылмыш иштерин текшерип, күч түзүмдөрүнүн жетекчилик курамына талдоо жүргүзүүнү буйруду.

Таң заарда шаарды тазалагандардын коопсуздугу үчүн ким жооптуу? Үч жылда алты короо шыпыруучу иш учурунда каза тапты.

Тартылбай калган тасмалар, жазылбай калган ырлар, айтылбай калган ачуу чындыктар. Дооронбек Садырбаевсиз өткөн 10 жыл. Бүгүн залкар инсанды эскерүү кечеси өттү.

Аба ырайы тууралуу маалымат таратууда абайлагыла! Прогнозду туура эмес айткандар эми административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.