Жаңылыктар / 13.02.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

681

Отставкалар, кадрдык орун алмашуулар акциядай эле уланууда. 2 жетекчи кызматынан бошотулду. Өкмөттүн курамы дагы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болот деген божомолдор айтылууда.

Шайлоого утурлай шаарларда убактылуу каттоого тургандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Ош шаарында эле бир айда 34 миң жаран каттоого турду. Ыплас ыкмаларга шарт түзүлүп жатабы?

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын 3 кызматкери кармалып, үй камагына чыгарылды. Алар ири көлөмдөгү күйүүчү майды максатсыз колдонгон деп шектелүүдө.

Жол кирени 2 эсеге кымбаттатуу шаардыктарды нааразы кылууда. Демилге мурда буга каршы чыккан жарандык активист, азыркы аткаминер Мавлян Аскарбековго таандык.