Жаңылыктар / 13.03.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

526

Бир кесим нан үчүн токмоктолгон секелек. Чүй областында 7 жаштагы кыздын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Аны өгөй энеси отургуч, чөмүч менен урганы айтылууда.

Сот, прокурорлордун байлыктарын текшерүүнүн механизми иштелип чыкты. Эми алардын киреше чыгашалары салыштырыла баштайт. Коопсуздук Кеңешинин катчысы коррупцияга каршы күрөш боюнча НТС телеканалына эксклюзивдүү интервью берди.

Кошуна өлкөнү президентинин жардам иретинде берген миллиондогон каражаты максаттуу колдонулган эмеспи? Курулганына үч жыл боло элек мектеп кулап калуу коркунучунда турат.

Көп түкүрсө көл болот. Шаардын тазалыгын камсыз кылган мекендешибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн каражат чогултулууда. Кайдыгер карабаңыз.