Жаңылыктар / 13.03.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

626

Бишкектин мурдагы эки мэринин соту башталды. Жемкорлукка шектелген Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши бириктирилип каралууда.

Алтын чайкаган заводдо пол жууган кызматкер таап алган 1,5 килограмм алтын азыр кайда? «Кыргыз алтын» ишканасын 3 орган текшере баштады.

ЛГБТнын өкүлдөрү катышкан митинг парламентте талкууланды. УКМК бейөкмөт уюмдарын тескеген мыйзам кабыл алууну сунуштады.

Жолу, мектеби, эмканасы жок, көйгөйү көп айыл. Ош областындагы 25 түтүн жашаган кыштактын эли борборго дубай саламын жөнөттү.