Жаңылыктар / 13.03.20 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1053

Жогорку Кеңештин Германиядан келген 2 депутаты үй шартында обсервацияга алынды. Ал арада Казакстанда короновирус жуктурган 2 бейтап катталды. Алар да Германиядан келишкен.

Өкмөт бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус илдети күчөп турган өлкөлөргө иш сапарларына барууга тыюу салды. Талап короновирус илдети боюнча кырдаал жөнгө салынганча иштейт.

2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган судья кайра жумушка чыкты. Аны соттордун кол тийбестиги темир тор артынан сактап турат.

Кесиптик кошуундар федерациясында тирешүү уланууда. Анын мүчөлөрү имараттын эшигин жаап алып, ичине уюмдун төрагасын киргизбей жатышат.