Жаңылыктар​ / 13.03.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1151

Бүрсүгүнү “Жерүй” кениндеги алтын иштетүүчү фабрика ачылат. Иш-чарага Кыргызстан менен Россиянын президенттери катышат.

Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына коридор ачат деген маалыматтар туура эмес! Баткен областынын губернатору Өмүрбек Суваналиев кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу түшүндүрмө берди.

Аба ырайынын суукташы менен адам өлүмү менен коштолгон авариялар көбөйдү. Токмокто бир келин жана 3 жаштагы бөбөк жол кырсыгынан мерт кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ашыкча салмактуу кызматкерлерден арылат. Куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр аттестациядан өткөрүлөт.