Жаңылыктар​ / 13.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

981

Депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов акталды. Алардын камактагы мал-мүлкү кайтарылып берилмей болду.

Катардагы медиктердин көбү батирлеп жүргөндө министрдин 2 орун басарына кызматтык үй берилгени сынга алынууда. Ал арада Жогорку Кеңешке бөлүнгөн батирдин 15 бош турат. 23 эл өкүлү кызматтык батирде баш калкалайт.

Коронавирус жугузуп алгандар кескин көбөйүп, күн сайын оорудан көз жумган учурлар катталууда. Бишкекте жана Чүйдө карантиндик чаралар катаалдаштырылабы?

Маданият кызматкерлери үчүн жагымдуу жаңылык. Июлдан тарта бул жаатта иштегендердин айлыгы 20 пайызга көтөрүлгөнү турат.