Жаңылыктар / 13.04.22 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1645

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал боюнча Аскердик прокуратура иликтөө иштерин баштады. Эки тарап сүйлөшүүлөрдөн кийин кошумча күчтөрүн артка кайтарып, биргеликте күзөт жүргүзүшүүдө.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталып, 4 жылга чукул дайыны чыкпай издөөдө жүргөн УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев Кыргызстандан табылды. Ал боюнча айыптоо актысы 2 ай мурда эле Башкы прокуратурага жөнөтүлүптүр.

Бишкек шаарында эч кандай уруксаты жок салынган көп кабаттуу имараттардын саны көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө алардын саны 37ге жеткен. Адистер буга мыйзамдагы алешмедиктер кесепетин тийгизгенин айтышууда.

Бишкектеги «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жерин тартып алуу аракеттери болууда. Дөөлөт Сыдыков аталган жайдын жерине кызыккандар тарабынан, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө кабылганын айтып, президентке кайрылды.