Жаңылыктар / 13.09.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1100

Бир мандаттуу округдардан талапкерлерди көрсөтүү башталды. Ал арада былтыркы парламенттик шайлоодогу былыктар ачыкталууда. БШК мүчөсү алдамчылыкка барганбы же ортомчулук кылганбы?

Айдоочуга ок атуу, пара талап кылуу жана орой мамиле жасоо. Акыркы күндөрү Патрулдук милиция кызматы катуу сынга алынууда. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет эмнеге нааразы?

Кыргызстанда айрым жолдордо жүрүү үчүн акы алына баштайт. Транспорт министрлиги муну менен өлкө бюджетине 20 миллиард сомдой түшөт деп ишендирүүдө.

Айрым ата-энелер азыркыга чейин балдарын мектепке киргизе албай убара тартууда. Электрондук каттоого алынбай калгандардын саны канча?