Жаңылыктар / 13.10.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

990

Жаңы куралган министрлер кабинети дароо ишке киришти. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш бекиткен өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алды.

Депутат болууну каалагандардын билдирмесин кабыл алуу аяктады. Эми 18-октябрга чейин талапкерлер жана партиялар БШКга каттоо үчүн документтерди тапшырышы керек.

Көмүр качан арзандайт? Кара отун Бишкекте 5 миң сомдон сатылууда. Бааны жөнгө салышы керек болгон Монополияга каршы агенттиги бул жаатта жумушту баштай элек.

Үч спортчунун атын алган үч эм Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы менен жолугушууну күтүүдө. Эне балдардын абалы жакшы. Жаш үй-бүлө жардамга муктаж.